БЕШКЕН БЕНТОНИТТҮҮ ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШКЕН БЕНТОНИТТҮҮ ЧОПО КЕНИ Баткен облусунун Лейлек районунда, Маргун кыштагынан 8 км түндүк тарапта, Бели-Сынык тоосунун түштүк этегин­де, деңиз деңгээлинен 1350–1450 м бийиктикте. 1966-, 1973–74-жылдарда геологиялык чалгындоо жумуштары жүр­гүзүлгөн. Кен аймагын палеоген мезгилинде пай­да болгон тоо тектер түзүп, басымдуу бөлүгүн антропоген чөкмөлөрү жаап калган. Кен палео­ген тоо тектеринин арасындагы ачык жашыл түстөгү бентониттүү чопо катмарларынан турат. Алардын калыңдыгы 5–20 мге жетип, 820 мге чейин созулуп жатат. Чопого өтө (33–35) ийил­чээктик мүнөздүү. Кендеги чопонун грануло­метриялык курамы ж-а аларда кумдун болушу боюнча кен Чыгыш ж-а Батыш деген эки учас­токко бөлүнөт. Батыш участогундагы чопо са­паты боюнча бургулоодо колдонулуучу чопо эрин­дилеринин бардык техникалык шарттарын канаат­тандырат. 1997-жылга карата баланстагы запа­сы: А–121 миң м3, В–253 миң м3, С –213 миң м3. Кен 1957-жылдан 1977-жылга чейин казып алынган. Түндүк Тажик бургулоо мекемелери пай­даланган.