БЕШ-КҮНГӨЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕШКҮНГӨЙ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-КҮНГӨЙ – Чүй облусунун Аламүдүн районун­дагы кыштак. Таш-Мойнок айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Аламүдүн суусунун оң жээгиндеги тек­тирде, деңиз деңгээлинен 1080 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 15 км түштүк-батыш тарапта. Бишкек темир жол бекетинен 13 км. Айылдын түндүгүндө суу сак­тагыч курулган. Кыштак 1898-жылы негизделген. Калкы 3880 (2022); негизинен багбанчылыкта ж-а дыйканчылыкта эмгектенишет. Орто мек­теп, клуб, китепкана, ФАП, ашкана, турмуш­ тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.