БЕШ-КӨЛ ТУЗ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕШКӨЛ ТУЗ КЕНИ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕШ-КӨЛ ТУЗ КЕНИ Жалал-Абад облусунун То­гуз-Торо районунда, Нарын дарыясынын сол жээгинде, Тунук туз туз кенинен 25 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте. Геологиялык изилдөөлөр 1927-, 1941-, 1977-жылдарда жүргүзүлгөн. Неоген мез­гилинин туздуу-гипстүү катмарларынын ара­сында галиттин 8 кабаты кездешет. Неоген кат­марынын калыңдыгы 200 мге жетип, 500 м со­зулуп жатат. Туз кабаттарын туздуу чопо, чо­полуу галит катмарчалары бөлүп турат. Таза галит кабатынын калыңдыгы 1,5–3,5, чополуу галиттин калыңдыгы 2 м. Туз мал жегенге жа­райт. Туздун болжолдуу ресурсу 315 миң т.