БИЗНЕC-ПЛАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́ЗНЕC-ПЛАН (англ. business plan) – жаңы иш­кана түзүүдө маанилүү учур. Бизнес-план ишкердин өзүнө‚ анын потенциалдуу инвесторлоруна ж-а кызматкерлерине керек. Ишкер өз идеяларынын ишенимдүүлүгүнө‚ инвесторлор идеянын ишке ашарына‚ кызматкерлер түзүлүүчү ишкананын келечегине ж-а милдеттерине күмөндөр болбоо­го тийиш. Ошондуктан Бизнес-планда бүтүмдү жүзөгө ашыруу ж-а пайда табуу программасы камты­лат. Бизнес-план түзүүдө идеяны ишке ашыруу үчүн иш­кердин алдында кандай тоскоолдуктар болору‚ ошондой эле жаңы ишканада өндүрүлүүчү товарга же көрсөтүлүүчү кызматка суроо-талаптын өлчөмү‚ ишкананын өндүрүштүк ж-а финансылык ке­ректөөлөрү эске алынуусу керек.