БИЙСК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЙСК – Россиядагы шаар. Алтай крайынын түштүк-чыгышында. Бия районунун борбору. Калкы 188,8 миң (2024). Бия дарыясындагы порт. Шаар ар­кылуу Новосибирск – Ташанта (Чүй тракты) ав­томобиль жолу өтөт. Темир жол бекети. Аэро­порту бар. 1708–09-жылдары Бикутан абагы катары негизделген. 1915-жылы Бийск Транссибирь магистра­лына темир жол аркылуу кошулган. Педагогикалык институт, университет, техникалык университет, драма театры бар. Алтай кра­йындагы өнөр жайдын өнүгүшүнүн көлөмү боюнча 2-шаар. Бийск казан заводу (Россиядагы кичи ж-а орто кубаттуулуктагы казандарды чыгаруучу ири ишкана), «Алтай витаминдери» (крайдагы эң ири фармацевтика ишканасы), айнек пластика заводу, фанера-ширеңке комбинаты, тигүү фабрикасы иштейт.