БИКИРТИК МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИКИРТИК МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү, Какшаал кырка тоосунун түндүк капталында. Ак-Шыйрак суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 4,2 км, аянты 4,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4615 м, этеги 3890 м бийиктикте жатат. Ал өрөөндүн оң капталынан орун алып, оң тарабынан каптал морена, төмөн жагынан этек морена жалчалары м-н торолгон. «Тили» бузулган мөңгүлөр м-н татаалданган. Мөңгүдөн Бикиртиктин оң куймасы – Сары-Төр суусу башталат.