БИЛГЕ (МОГИЛЯН) КАГАНДЫН ЭСТЕЛИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛГЕ (МОГИЛЯН) КАГАНДЫН ЭСТЕЛИГИ – орто кылымга таандык (683–735) археологиялык эстелик. Монголиядагы Орхон дарыясынын боюндагы Эрдени Цзу будда монастрынан 60 км түндүк жагында жайгашкан. Билге кагандын эстелиги 1889-жылы Н. М. Ядринцев тарабынан табылган. Эстелик Билге каганга арналган, мазмуну боюнча Күлтегин эстелигине жакын. Эстеликтеги жазмада: «Мен бар, бай элге хан болбодум. Мен сыртында тону, ичкен­ге ашы жок элге хандыкка келдим»,– деп баян­далат, ошондой эле Билге кагандын ички жана тышкы саясаты, анын жортуулдары жөнүндө да маалымат берилет. Жазуунун акырында Билге каган­дын тууганы Йолык тегин бир ай төрт күн ичин­де ташка жазуу чегип, эстелик тургузгандыгы баяндалат.