БИЛДИРМЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛДИРМЕ – спорттук мелдешке спортчулар ж-а коллективдердин катышуусу жөнүндөгү маа­лымдоо. Билдирме кайсы коллективдин спортчулары­нын же коллективинин өкүлдөрүнүн атынан түзүлгөнү, спортчунун аты-жөнү, туулган жы­лы, спорттук даражалары, врачтын мелдешке катышуусуна уруксаты көрсөтүлөт. Билдирменин кайсы мезгилде жазылганы ж-а ким тарабы­нан бекитилгени көрсөтүлүп, жетекчинин ж-а врачтын колу коюлат. Билдирме кайсы мөөнөттө тап­шырылышы керек экени (датасы) атайын тү­зүлгөн мелдештин жобосунда жазылат. Калыс­тар тобуна же мелдешти уюштуруучу уюмга Билдирмени убагында тапшырбаса, ал мелдешке ка­тышпайт.