БИЛИМ БЕРҮҮ ГРАНТЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИЛИМ БЕРҮҮ ГРАНТЫ – мамлекеттик окуу жайлар, жеке инсандар, менчик окуу жайлар, ишканалар ж. б. тарабынан билим алууга ынтызар, жөндөмдүү жаштар үчүн кайтарымсыз бөлүнгөн каражат. Ал билим алуучуну жашоо-тиричилик, окуу куралдары ж-а окуу акысына тиешелүү каражаттар м-н камсыз кылууга багытталат. Билим гранты көбүнчө ар кандай демөөрчүлүк иштерин жүргүзгөн фонддор тарабынан чет мамлекеттерге барып билим алуу үчүн берилет.