БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН ЛИЦЕНЗИЯЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИН ЛИЦЕНЗИЯЛОО – ар кандай окуу жайга билим берүү иш­мердигин жүргүзүү боюнча расмий уруксат берүү же бербөө жөнүндө кабыл алынган чечим. Билим берүү министрлиги тарабынан берилет. Анда мамлекеттик талаптардын негизинде таалим-тарбия мекеме­синин билим берүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрү: окуу бөлмөлөрдүн, окуу куралдардын жетиштүүлүгү, жогорку квалификациялуу адистер м-н камсыз болуусу ж. б. шарттары эске алынат.