БИЛИМДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИЛИМДИ ӨЗДӨШТҮРҮҮНҮН ДЕҢГЭЭЛИ – айланадагы чындыктын сезимдүү кабыл алын­ган ж-а эсте сакталып калган тигил же бул объекттери жөнүндөгү маалымат. Ал билимди кыс­кача чыгармачылык м-н пайдаланылуучу деңгээлде өздөштүрүлгөн маалымат деп да аныкталат. Би­лимдин окутуу процессинде сөзсүз эске алынуу­чу эң баалуу төмөнкүдөй түрлөрү бар: термин, түшүнүк, факт, мыйзам, теория, методологиялык би­лим ж-а баа берүү билимдери. Терминдер ж-а түшүнүктөр үйрөнүлүүчү объекттердин кандай­дыр бир түрүн же билимдердин жыйындысын белгилөө үчүн колдонулат. Терминдердин ж-а түшүнүктөрдүн жардамы м-н ой жасалат, адам­дын ой-пикири туюнтулуп айтылат. Фактылар жөнүндөгү билим бардык башка билимдердин база­сын түзөт, анткени, алар түздөн-түз реалдуу чындыкты чагылдырышат. Фактыларды бил­мейинче мыйзамдарды, теорияларды сезимдүү кабыл алуу мүмкүн эмес, башкача айтканда чыныгы факты­лар арасындагы мүмкүн болгон байланышты чагылдырууга болбойт. Мыйзамдар белгилүү гана сандагы фактылардын байланыштарын чагылтат. Теория болсо көп сандагы фактылар­дын чогуусун ж-а аларды байланыштыруучу мыйзамдарды өз ичине камтыйт, конкреттүү кубулуштарды жалпы мыйзамдардын негизин­де түшүнүүгө жардам берет, адамдын түшүнүк­төрүн системага келтирет. Методологиялык билимдерге методдор жөнүндөгү, таанып-билүүнүн тарыхы, чыгармачы­лыктын ж-а эмгектенүүнүн ар кандай ыкмала­ры жөнүндөгү билимдер кирет. Ал өздөштүрүлгөн билимдерди анын улам жаңы үлүштөрүнө ээ болууда кандайча колдонуу керектигине туура багыт берет.