БИМЕТАЛИЗМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИМЕТАЛИ́ЗМ (лат. bi – эки ж-а металл) – мыйзамдуу төлөм каражаты, эки металл – алтын ж-а күмүш акча системасы. Бул металлдардан жасалган тыйындар бирдей негизде жүгүртүлөт. Орто кылымда Европада кеңири тараган. Күмүш арзандагандан кийин (19-кылымдын аягында) дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү күмүш тыйынды эркин жасоону токтотушкан. Алтындын күмүшкө караганда акча материалы катары артыкчылыгы 19-кылымдын аягынан тартып алтын монометализмине өтүүгө шарт түздү.