БИНАРДЫК НОМЕНКЛАТУРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИНАРДЫК НОМЕНКЛАТУ́РА (лат. binarius – кош) – өсүмдүк, жаныбар, микро организм түрлөрүнүн эки сөз м-н аталышы. Аны швед окумуштуусу К. Линней киргизген (1753-жыл). Өсүмдүктөргө ботаникалык ат коюу жөнүндө атайын эреже иштелип чыккан ж-а мезгили м-н Эл аралык ботаникалык конгрессте каралып турат. Түрдүн аты эки сөз м-н (уруусу ж-а түрү) латын тилинде берилет. Бул номенклатура таксономиялык маалыматты так берип, колдонууга оңой болгондуктан, азыркыга чейин кеңири колдонулат.