БИОГЕОХИМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОГЕОХИ́МИЯ – биосферадагы химиялык элементтердин тирүү организмдердин тиричилиги  м-н шартталган  миграциясын ж-а тирүү  организмдердин тоо тектердин ж-а минералдардын бузулушундагы ролун изилдөөчү  илим. Термин 1920-ж орус окумуштуусу  В. И. Вернадский тарабынан киргизилген. Азыркы биохимиянын негизги багыты экологиялык стехиометрия (негизги биогендик элементтердин агымынын  тирүү  организмдердин  популяциясы аркылуу өз ара байланышы), элементтердин биологиялык  алмашуусу ж-а биогендик миграциясы, Жердин геологиялык катмарынын  тирүү организмдердин  таасири м-н болгон эволюциясын изилдөөгө,  глобалдык  биогеохимиялык циклдин өзгөрүшүн  прогноздоого   ж-а моделдөөгө  байланыштуу. Биогеохимиянын милдети:  пайдалуу кендердин калыптанышына,  аларды табууда организдердин ж-а биологиялык  процесстердин ролу;  аймакты биогехимиялык райондоштуруу, топурак, суу, тоют ж-а тамак азыктарында бул же тигил химиялык элементтердин   жетишсиздигин ж-а ашыкчалыгын; биогеохимиялык циклга кишинин  тиричилигинин таасирин анализдөө   ж. б. Биогеохимиялык изилдөөлөр негизинен өсүмдүктөрдүн  же кыртыштын курамындагы  белгилүү химиялык  элементти аныктоо жолу  м-н руда кендерин издөө, ошондой эле өсүмдүктүн, жаныбардын, адамдын денесиндеги кээ бир химиялык  элементтин ашыкча болушунан  келип чыккан оорулардын себебин билүү  үчүн жүргүзүлөт.

Ад.: Вернгадский В. И., Химимческое строение  биосферы Земли и её окружения, М., 1965.