БИОГЕОЦЕНОЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИОГЕОЦЕНО́З (био…, гео… ж-а гр. koinos – жалпы) – зат алмашуусу ж-а энергиялары өз ара байланышкан, бири-бирине ыңгайлуу шарт түзүүчү жандуу организмдердин (биоцеоноз) ж-а жансыз компоненттер жыйындысы. Аларга автротрофтуу (фотосинтездөөчү өсүмдүктөр, хемосинтездөөчү микроорганизмдер) ж-а гетеротрофтуу (жаныбарлар, козу карындар, бактериялар, вирустар) организмдер ж-а аларды курчап турган рельеф, тоо тектер, гидрологиялык шарттар, газ ж-а жылуулук ресурстары м-н атмосферанын жерге жакын катмары, күн энергиясы, жер кыртышы ж. б. кирет. Биогеоценоз түшүнүгүн орус окумуштуусу В. Н. Сукачев киргизген (1940-жыл). Биогеоценоздун жаратылыштагы заттардын айланышында чоң мааниси бар.