БИОИНДИКАТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОИНДИКА́ТОР (био… ж-а лат. indico – көрсөтөмүн, аныктаймын) – айлана-чөйрөдөгү антропогендик же табигый процесстердеги өзгөрүүлөрдү көрсөтүүчү организмдер. Көпчүлүк организмдер курчап турган чөйрөнүн ар түрдүү таасирине (топурак, суу, атмосферанын химиялык курамы, климаттык шарттар, башка организмдин болу­шу) өтө сезгич келет. Мисалы, эңилчектер ж-а кээ бир ийне жалбырактуу дарактар абанын таза­лыгынын биоиндикатору болот. Кээ бир топурак микроор­ганизмдери м-н индикатор өсүмдүктөр ар түрдүү кендерди издөөдө жардам берет. Индикатор өсүмдүктөр белгилүү бир экологиялык шарт м-н тыгыз байланышта болуп, табигый байлыктардын ордун, алардын көлөмүн, өлчөмүн ж-а аймак шарттарын таанууда көрсөткүч болушат. Кыр­тыш астындагы суу, нефть, кен, баалуу тоо тек­тер кээ бир өсүмдүктөрдүн жардамы м-н табы­лат. Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү кыртыштын геохимиялык курамын так көрсөтүп, алар топуракта ж-а тоо тектерде металлдар көп болгон жерде гана өсөт. Индикатор өсүмдүктөр аркылуу жер кыртышынын курамы аныкталып, изилдөө иштерине арналган ботаникалык, геологиялык ж. б. көрсөткүч карталар түзүлөт. Суу фаунасы ж-а флорасы­нын курамына, алардын айрым өкүлдөрүнүн санына карата суунун булгануу даражасы, мүнөзү, ичүүгө, тиричиликте пайдаланууга жа­рактуулугу, ошондой эле суу тазалоочу курулмалар­дын натыйжалуулугу аныкталат.