БИОЛОГИЯЛЫК БУЛГАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛОГИЯЛЫК БУЛГАНУУ – пайдаланылып жаткан экосистемага ж-а техникалык түзүлүштөргө жат өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын ж-а микроор­ганизмдердин табигый жол м-н, ошондой эле адамдын иш-аракетинен жайылышы. Көпчүлүк учурда аймакка терс таасир этет. Бөлөк жерден келген организмдер жергиликтүү организмдерге караганда чөй­рөгө бат байырлашып, жергиликтүү түрлөрдү четтете баштайт. Мисалы, америка ачкүсөнү европа ачкүсө­нүн, ондатра калтар чычканды сүрүп чыгарган. Шаарларда таштандылар топтолгон жерлерде (убагында тазаланбай калуудан) кескин түрдө синантроптук организмдер (келемиш, карга, курт-кумурска) көбөйүп кетет. Чөйрөгө айрык­ча ферменттерди иштеп чыгаруучу ишканалар­дын биологиялык таасири зор, анткени алардын таш­тандыларын тирүү клеткалуу микроорганизм­дер түзөт.

Б. Үсөнканов.