БИОЛОГИЯЛЫК КАДАСТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛОГИЯЛЫК КАДА́СТР – жаратылыш ре­сурстарынын белгилүү бир бөлүгүн же жалпы эле алардын санын, сапатын, мүнөздөрүн систе­матикалык түрдө жыйноо ж-а иретке келтирүү системасы. Жаратылыш ресурстары жөнүндө маа­лыматтарды жыйноодо, табигый чөйрөнүн ком­поненттерине мезгил-мезгили м-н же үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүп, аларды сарамжал пайдала­нуу ж-а коргоо боюнча сунуштар берилет. Биологиялык кадастр суу, жер, токой ж. б. жаратылыш ресурстарынын кадастры деп бөлүнөт.