БИОЛОГИЯЛЫК МОНИТОРИНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛОГИЯЛЫК МОНИТО́РИНГ – белгилүү физикалык-географиялык аймактагы тирүү организмдердин сандык, сапаттык абалына, өнүгүүсүнө, өзгөрүү­сүнө байкоо жүргүзүү. Алынган маалыматтар өсүмдүктөрдү, жаныбарларды коргоо пландарын иштеп чыгууда пайдаланылат.