БИОЛОГИЯЛЫК ОТУН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛОГИЯЛЫК ОТУН , б и о о т у н – ажыроо процессинде жылуулук бөлүнүүчү түрдүү органикалык материалдар. Ал жылытманы (теплица), күнөс­кананы (парник) ж-а топуракты жылытуу үчүн колдонулат. Биологиялык отун катары жылкы, уй ж-а кой­дун кыгы, турмуш-тиричилик таштандысы, жы­гач таарындысы, текстиль өнөр жайынын кал­дыктары, чирибеген чым көң колдонулат. Биологиялык о­тунду кеч күздө тегерегин өз өзүнчө бекитип, нык­тап, үстүнкү бетин жаап, температура 0–10°Сде кар­малат. Керектөөгө 2–3 жума калганда майда­ланат. Түтөшүн тездетүү үчүн нымдуу кык кур­гагы м-н аралаштырылат. Эгерде 1 жумада түтөп чыкпаса, анда ысытылган таш же өчүрүлбөгөн акиташты арасына коюш керек.