БИОЛОКАЦИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИОЛОКА́ЦИЯ (био... ж-а лат. loso – жайгаштыруу) – тирүү организмдердин өзүнүн же кандайдыр бир нерсенин мейкиндиктеги ордун физикалык толкундар (электр-магниттик, үн, жылуулук) аркылуу аныктоо жөндөмдүүлүгү. Биолокация сүт эмүүчүлөр, куштар, көпчүлүк балыктарга ж.б. мүнөздү. Алар Күн, Жылдыз, Жердин магнит талаасы ж. б. табигый факторлор аркылуу да багытын аныкташат. Мисалы, жарганаттар ультраүн толкундары, ал эми деңиз таш бакалары геомагниттик талаадан берилүүчү сигналдарды туюу аркылуу багытын жакшы табат. Биолокация м-н бионавигация (жаныбарлардын өзүлөрү жашаган аймагында жыл мезгилдерине, миграциясына ж-а көбөйүшүнө байланыштуу багыт алышы) тыгыз байланышта.
Б. Үсөнканов.