БИР КЛЕТКАЛУУЛАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИР КЛЕТКАЛУУЛАР – денеси бир клеткадан турган организмдер. Буларды микроскопсуз жөнөкөй көз м-н көрүүгө болбойт. Өсүмдүк дүйнөсүндөгү Бир клеткалуулар – п р о т о ф и т т е р, ал эми жаныбарлардыкы п р о т о з о а деп аталат. Алар бөлүнүү ж-а жыныс жолу (коньюгация) м-н көбөйөт. Бактериялар, балырлар м-н кээ бир козу карындардын, жөнөкөйлөрдүн көпчүлүгү Бир клеткалуулар, булар сууда, топуракта ж-а организмдерде (мителер) жашайт. Жаныбар ж-а өсүмдүктө жашагандары аларды жабыркатат.