БИР СҮРТҮМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИР СҮРТҮМ (набросок) – сүрөтчүнүн тез тарта салган графика, живопись, скульптура чыгармасы; сүрөтчү кандайдыр бир иштин үстүндө иштеп жаткан учурда ошол ишине байланыштуу кээ бир байкоолорун тез түшүрүп калуусу. Бир сүртүм натуранын жардамысыз эске тутуп калган элеси боюнча да тартыла берет. Композициялык типтеги Бир сүртүм жалпы жонунан эскиз деп аталат.