БИР ТУТУМДУУ СҮЙЛӨМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИР ТУТУМДУУ СҮЙЛӨМ – бир гана баш мүчөнүн: баяндоочтун, баяндоочтуу топтун негизинде уюшулуп, бүткөн бир ойду туюндурган, экинчи баш мүчөнүн – грамматикалык ээнин болушун талап кылбаган сүйлөм. Кыргыз тилиндеги Бир тутумдуу сүйлөм грамматикалык түзүлүш өзгөчөлүктөрүнө карай беш түргө бөлүнөт: белгилүү жактуу сүйлөм, белгисиз жактуу сүйлөм, жалпылама жактуу сүйлөм, жаксыз сүйлөм, атама сүйлөм.