БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРДИКТЕР СИСТЕМАСЫ – кабыл алынган эрежеге ылайык айрым системаны түзгөн физикалык чоӊдуктардын негизги ж-а туунду бирдиктеринин тобу. Ал физикалык чоӊдуктардын табигый өз ара байланышын чагылдырган теорияга таянып түзүлөт. Аны түзүүдө негизги физикалык чоӊдуктун эркин түрдө кабыл алынган бирдиги н е г и з г и б и р д и к деп аталат. Ошондуктан чоӊдуктардын бир эле системасы үчүн бирдиктердин бир нече системасын жаратууга болот. Мисалы, узундуктан (L), массадан (M) ж-а убакыттан (Т) түзүлгөн чоӊдуктардын LMT системасы үчүн ар кандай система түзүүгө болот. Мисалы, МКС (негизги бирдиктери: м, кг, сек); СГС (бирдиктери: см, г, сек); Британиялык система (бирдиктери: фут, фунт, сек). Мында системалардын белгиси (мисалы, МКС) алардын негизги бирдиктеринин атынын биринчи тамгалары боюнча түзүлөт. Алгач бирдиктер систепмасын 1832-жылы немец окумуштуусу К. Гаусс сунуш кылган. Негизги бирдиктер катары мм, мг ж-а сек кабыл алынган, ал эми туунду бирдиктери аныктоочу теӊдемелери боюнча табылат. 1851-жылы немец физиги Вебер Гаусстун бирдиктер системасын электрдик чоӊдуктар системасын түзүүгө колдонгон. 19-кылымдын экинчи жарымында Англияда негизги бирдиктери см, г ж-а сек болгон бирдиктердин СГС системасы иштелип чыккан. Бирдиктердин СГС системасы физикалык изилдөөлөр үчүн абдан ыӊгайлуу болгондуктан, 1881-жылы Биринчи Эл аралык электриктер конгрессинде кабыл алынган ж-а ушул эле конгрессте механикалык, электрдик ж-а магниттик чоӊдуктардын СГС системасындагы туунду бирдиктери аныкталган. 1901-жылы италиялык окумуштуу Ж. Жоржи МКС системасына төртүнчү бирдикти электр бирдигин сунуш кылып, ток күчүнүн бирдиги А (ампер) алынган (МКСА). МКСке термодинамикалык температуранын бирдиги (К) кельвинди кошуп, жылуулук бирдиктердин системасы (МКСК), 1919-жылы Францияда МТС системасы (м, т, сек) кабыл алынган. 19-кылымдын акырынан баштап, бирдиктердин МКГСС (м, кг</i>күч, сек) системасы колдонулуп келген. Бул система техникада кеӊири колдонулуп, көбүнчө бирдиктердин техникалык системасы деп аталат. Бирдиктер системасы ж-а көптөгөн системадан тышкары бирдиктердин болушу мамлекеттер аралык илимий ж-а экономикалык катнаш түзүүдө кыйынчылыктарга алып келген. Ошондуктан 19-кылымдын аягында бирдиктердин Эл аралык бирдикттер системасын түзүү зарылдыгы пайда болгон. Бирок мындай системаны (СИ) киргизүү жөнүндөгү макулдашууга 1960-жылы гана 11-генералдык конференцияда чен ж-а салмактын бирдиктери кабыл алынган. СИ бирдигине жети негизги бирдик: узундук – м, масса – кг, убакыт – сек, электр тогунун күчү – А, температура – К, жарык күчү – кд, заттын саны – моль киргизилген. СИ жөнөкөй ж-а бир түргө алынып келингендиктен, көп мамлекеттерде, ал эми КМШ өлкөлөрүндө СИ системасы 1963-жылдан баштап колдонулган. Теориялык физиканын айрым бөлүктөрүндө бирдиктердин табигый системалары пайдаланылат. Бирдиктердин табигый системаларын немис физиги М. Планк (1906) ж-а англиялык физик Д. Хартри түзүшкөн.

Ад.: Бурдун Г. Д. Единица физических величин. 4изд. М., 1967; Бурдун Г. Д., Марков Б. Н. Основы метрологии. 2-изд. М., 1975.

М. Байбосунов.