БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ
БИРИККЕН АРАБ ЭМИРЛИКТЕРИ (Аль-Ами

рат аль-Арабия аль-Муттахида, БАЭ) – Батыш Азиядагы мамлекет, Араб жарым аралынын түндүк-чыгышында жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн Катар, түштүгүнөн, түштүк-батышынан жана түштүк-чыгышынан Оман менен чектешет. Түндүгүн Персия булуӊу, чыгышын Оман булуӊу чулгап жатат. Аянты БУУнун маалыматы боюнча 83,6 миӊ км2 (Бириккен Араб Эмирликтеринин кургактыктагы чек арасы чөл аркылуу өтүп, так эмес). Калкы 9,5 млн (2024). Борбору – Абу-Даби шаары. Расмий тили – араб тили, перс тилинде да сүйлөшөт. Акча бирдиги – дирхам.
Мамлекеттик түзүлүшү. Бириккен Араб Эмирликтери – курамы 7 эмирликтен (Абу-Даби, Дубай, Шаржа, Ажман, Уммэль-Кайвайн, Эль-Фужайра, Рас-эль-Хайма) турган федерациялык мамлекет (эмирликтер бардыгы теӊ абсолюттук монархиялар болуп саналат). Конституциясы 1971-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – Федералдык улуттук кеӊеш тарабынан эмирликтердин монархтарынын ичинен 5 жылга шайланган президент. Аткаруу бийлигинин органы – премьер-министр жетектеген өкмөт (кабинет). Саясий партиялары жок.
Табияты. Аймагынын көп бөлүгүн ойдуӊдуу түздүктөр, чыгышын тоолор (бийиктиги 1127 мге чейин), батышын таштуу чөл ээлейт. Климаты кургак, тропиктен субтропикке өтмө. Айлык орточо температурасы 20°Сден 35°Сге (максимум 50°Сге жетет) чейин. Жылдык жаан-чачыны 100 мм, тоолорунда 300–400 мм. Туруктуу дарыясы жок. Аянтынын көп бөлүгүн шор жер жана кумдуу чөл ээлейт. Оазистеринде сейрек курма пальмасы, акация, тамарисктер өсөт.
Калкы. Негизинен арабдар (90%тен ашык),


(Шаржа княздыгында) түзүлгөн. 20-кылымдын 20-жылдарында бир нече княздыкта англичандарга каршы кыймылдар күч алган. Улуу Британиянын лейбористтик өкмөтүнүн Перс булуӊундагы райондордон өз аскерлерин 1971-жылдын аягына карата толук алып чыгып кетүү жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин, ОКга кирген княздыктар араб княздыктарынын федерациясын түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан. 1971-жылы 2-декабрда көз каранды эмес Бириккен Араб Эмирликтеринин түзүлгөндүгү жарыяланган. 1971-жылы 6-декабрда БАЭ Араб өлкөлөрүнүн лигасына, 9-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунуна кабыл алынган. 1990–91-жылдары Бириккен Араб Эмирликтеринин аскерлери Бириккен Улуттук Уюмунун күчтөрүнүн катарында Иракка каршы согушка катышкан. 1994-жылы февралда өлкөнүн президенти айрым кылмыш иштерин (киши өлтүрүү, уурулук, баӊги заттарды колдонуу жана сатуу) кароону шарият мыйзамдарына ылайык жүргүзүүнү киргизген.
Экономикасынын
негизин нефть, газ өнөр жайы түзөт. Ички улуттук кирешенин үлүшү киши башына 22 220 доллардан (АКШ) туура келет. Дүйнөдөгү нефть, газ өндүрүүчү жана экспорттоочу ири өлкөлөрдүн бири. Нефть ылгоочу, нефть-химиялык, металлургия (алюминий эритүү), цемент өнөр жайы тез темп менен өнүгүүдө. Ички дүӊ продукциясындагы өнөр жайдын үлүшү 41,7% (анын ичинде нефть, газ өндүрүү 33,4%), айыл чарбаныкы 2,5%. 1992-ж. 134 млн м3 газ, 13,5 млн т

нефть продукциялары, 1994-жылы 18,8 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Көчмөндүү мал чарбасы жана оазистеринде дыйканчылык өнүккөн. Элинин салт болуп калган көнүмүш жумушу – балык кармоо жана бермет чогултуу. Кустардык промысели (килем, кыл торко, чегелөө) бар.

Негизги транспорту – автомобиль; автомобиль жолунун узундугу 4,7 миӊ км (1995; анын ичинде асфальтталганы 2 миӊ км). Деӊиз порттору: ЖебельАли, Рашид (Дубай), Зейд (Абу-Даби), МинаХалед (Шаржа). Сыртка нефть, нефть продуктулары, суюлтулган газ, алюминий ж. б. чыгарат. Негизги соода шериктештери: Япония, Индия, Иран, Оман, Корея Республикасы, Сингапур, АКШ.