БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ)
БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (БУУ) – тынчтык ж-а коопсуздукту сактоо, өлкөлөр аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн эл аралык уюм. СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусу м-н 1944-жылы август-октябрь айларында өткөн Думбартон-Окс конференциясында (АКШ) анын уставынын алгачкы жоболору иштелип чыгып, Крым конференциясында (1945) макулдашылып, 1945-жылы 26-июнда 51 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан Сан-Франциско конференциясында талкууланган. 1945-жылы 24-октябрда устав кабыл алынып, бул күн жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун башкы органдары: Башкы Ассамблея, Коопсуздук кеӊеши,

Экономикалык ж-а Социалдык кеӊеш, Камкордук көрсөтүү кеӊеши, Эл аралык Сот ж-а Секретариат. Б а ш к ы А с с а м б л е я – БУУнун жогорку органы. Анда БУУнун бардык мүчө мамлекеттеринин бештен көп эмес өкүлдөрү иш жүргүзөт. Ассамблея БУУнун уставынын чегинде маселелерди чечет ж-а мүчө-мамлекеттерге, ошондой эле БУУнун Коопсуздук комитетине сунуш бере алат. 7 негизги комитети – саясий ж-а коопсуздук, куралсыздандыруу ж-а эл аралык коопсуздук, экономикалык ж-а финансы ж. б. иштери боюнча; 2 туруктуу комитети – административдик, бюджет маселелери боюнча кеӊеш берүүчү ж-а акы төлөө боюнча комитеттер. Булардан тышкары атайын түзүлгөн комитеттер ж-а комиссиялар (мисалы, космос мейкиндигин тынчтыкта пайдалануу комитети, Эл аралык укук комиссиясы ж. б.) бар. БУУнун Башкы Ассамблеясынын автономиялык эл аралык уюмдардын укугуна ээ
өзгөчө органдары да иш жүргүзөт, мисалы, Атом энергиясы боюнча эл аралык агентчилиги. Ассамб

леянын кезектеги сессиясы жыл сайын, кезексиз же атайын сессиясы шартка жараша зарыл учурда чакырылат. К о о п с у з д у к к е ӊ еш и – БУУнун негизги ж-а туруктуу иштөөчү органдарынын бири. БУУнун уставы боюнча эл аралык тынчтыкты ж-а коопсуздукту сактоо милдети жүктөлгөн кеӊештин 5 туруктуу (Кытай, Франция, Россия, Улуу Британия ж-а АКШ) ж-а 10 убактылуу (алар БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2 жылда бир шайланып турат) мүчөсү бар. Коопсуздук кеӊешинин чечимдери жалпы добуш берүү принцибине негизделип, кабыл алынат ж-а БУУнун бардык мүчөлөрү аны аткарууга милдеттүү. Э к о н о м и к а л ы к ж-а с о ц и а л д ы к к е ӊ е ш – БУУнун негизги органдарынын бири. Ал эл аралык экономикалык ж-а социалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө зарыл шарттарды түзүү милдетин аркалайт. БУУнун Башкы Ассамблеясына сунуштарды киргизет, конвенциялардын долбоорлорун даярдайт, анын атайын мекемелеринин иш-аракеттерин координациялайт. К а м к о р д у к к ө р с ө т ү ү к е ӊ е ш и – БУУнун эл аралык деӊгээлде камкордук көрсөтүү иш-чараларын жүзөгө ашыруучу негизги органдарынын бири. Ал эл аралык тынчтыкты бекемдөөгө, камкордукка алынган аймактагы калктын саясий, экономикалык ж-а социалдык прогрессине көмөк көрсөтөт. Э л а р а л ы к с о т – БУУнун жогорку сот органы; 1945-жылы уюшулган, мамлекеттер аралык чыр-чатак маселелерин чечүүчү ж-а укук маселелери боюнча бүтүмдөрдү чыгаруучу эӊ башкы эл аралык уюм. Анын курамы БУУнун Башкы Ассамблеясы ж-а Коопсуздук кеӊеши тарабынан шайланган 15 судьядан түзүлөт. Алар Башкы Ассамблея тарабынан 9 жылга шайланат. БУУнун уставынын ажырагыс бөлүгү болгон Статуттун негизинде иш жүргүзөт. С е к р е т а р и а т – БУУнун туруктуу ж-а негизги органдарынын бири. Секретариат БУУнун Генералдык секретары (5 жылда бир шайланат) ж-а ал тарабынан дайындалган кызматкерлерден турат. Анын негизги милдети – БУУнун органдарын, комитет ж-а конференцияларын административдик-техникалык жактан тейлөө. Секретариат Нью-Йоркто. БУУнун Генералдык секретарлары: Ли (1946–52), Хаммаршельд (1953–61), У Тан (1961–71), Вальдхайм (1972–81), Перес де Куэльяр (1982–91), Бутроас Гали (1992–96), Коффи Аннан (1997–2006), 2006-жылдан Пан Ги Мун (2006-2017), 2017-жылдан Антониу Гутерриш. БУУнун курамында өз алдынча, атайын адистешкен мекемелер да иш жүргүзүшөт. Мисалы, БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН), Качкындардын иши боюнча Жогорку Комиссариат, Саламаттыкты сактоонун бүткүл дүйнөлүк уюму, Дүйнөлүк банк, Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Эл аралык эмгек уюму, Эл аралык валюта фонду, билим, илим ж-а маданият уюму (ЮНЕСКО), Азык-түлүк ж-а айыл чарба уюму (ФАО). БУУнун штаб-квартирасы Нью-Йоркто. Расмий тили катары англис, испан, кытай, орус, француз тилдери, ал эми Башкы Ассамблеяда, Коопсуздук кеӊешинде, Экономикалык ж-а Социалдык кеӊеште расмий тил катары араб тили да эсептелет. Учурда БУУга 196 мамлекет мүчө (2004). Кыргызстан БУУга 1992-жылдын 2-мартында кабыл алынган. Мүчө болуп кирүү м-н

Кыргызстанга эл аралык турмуштун процесстерине жигердүү катышууга, социалдык-экономикалык, маданий ж. б. маселелерди алга жылдырууга бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Кыргызстандын делегациясы БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессияларына жыл сайын катышып келүүдө. Жогоруда аталган БУУнун адистешкен уюмдарынын жардамы м-н Кыргызстандын социалдык-экономикалык, маданий өнүгүшүнө көмөк берген долбоорлор ж-а программалар иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.