БИРИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ (1914–18)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ (1914–18) – Борбордук державалар (Германия, Австрия-Венгрия, Осмон империясы жана Болгария) менен Антантанын (Улуу Британия, Франция, Россия, кийинчерээк Япония, Италия, Румыния, АКШ ж. б.; бардыгы 34 мамлекет) ортосундагы согуш. Биринчи дүйнөлүк согуш европопалык улуу державалардын «дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүү» үчүн күрөшүнөн улам келип чыккан. 20-кылымдын башында дүйнөдөгү ири державалардын ортосунда дүйнөнү бөлүштүрүү аяктаган. Колониялардын көпчүлүгүн Англия, Франция ээлеп алып, Германия, АКШ, Япония сыяктуу өнүгүп келаткан мамлекеттер жаӊы рынок, арзан чийки зат (сырьё) булактары үчүн күрөш башташкан. Державалардын ортосундагы саясий-экономикалык, аймактык карама-каршылыктардын негизги борбору Европада болгон, ошону менен катар согушка катышкан ар бир өлкө жаӊы колонияларды жана таасир этүү чөйрөлөрүн басып алууну көздөгөн. Ушундан улам бул мамлекеттер дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө аракеттенишет. Германия 1879-жылы согуш блогун түзүүгө киришип, Австрия-Венгрия менен согуштук союз түзгөн. 1882-жылы ага Италия кошулуп, Францияга жана Россияга каршы Германия башында турган Үчтүктєр союзу уюшулган (1914-жылы ага Осмон империясы, 1915-жылы Болгария кошулуп, ал эми 1915-жылы Италия союздан чыккандыгына байланыштуу Төрттүктөр союзу болуп кайра түзүлгөн). Ал эми Англия, Франция жана Россия 1907-жылы аларга каршы согуш коалициясы – Антантага биригишкен. Германия Англия менен Францияны талкалоону жана алардын колонияларын тартып алууну, Россияны начарлатууну жана Европада өз үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн. Австрия-Венгрия Балкан жарым аралындагы өз таасирин кеӊейтүүгө жана ага караган элдердин улуттук-боштондук кыймылын басууга умтулган. Англия башкы атаандашы Германияны талкалоо менен өзүнүн колониялык үстөмдүгүн сактап калуу, Осмон империясынан Месопотамия менен Палестинаны тартып алуу, Египетте өзүнүн таасирин чыӊдоону көздөгөн. Франция 1871-жылы Германияга тарттырып жиберген Эльзас менен Лотарингияны кайтарып алууну жана чек араны Рейнден ары жылдыруу менен Европа континентинде негизги ролду ойноону максат кылган. Россия Балкан жарым аралында жана Босфор менен Дарданелль кысыктарында контроль орнотууну, ошондой эле Германияны экономикалык жактан начарлатууну жана Австрия-Венгриянын Балкандагы таасирин жоюуну көздөгөн. 1914-жылы Босниядагы австриялык-венгриялык аскерлердин машыгуусуна катышууга келген австрия-венгриялык тактынын мураскору Франц Фердинанддын 15(28)-июнда Сараеводо серб улутчулу Гаврило Принцип тарабынан өлтүрүлүшү жаӊы Балкан кризисине алып келген. Император Вильгельм II бул окуяны «сербдерди талкалоо» үчүн шылтоо катары пайдаланууну чечкен. Австрия-Венгрия Германиянын макулдугу менен Сербия өкмөтүнө оор шарттарды камтыган ультиматумду койгон. Сербдердин анын көпчүлүк шарттарын кабыл алгандыгына карабастан, 28-июлда Австрия-Венгрия Сербияга каршы согуш жарыялаган. Россия империясы Сербияга колдоо көрсөтүү үчүн өлкөдө жалпы аскердик мобилизацияны баштаган жана Германиянын жетекчилеринин Россиянын мындай кадамга баруусун токтотууну талап кылган ультиматумун четке каккан. 1-августта Германия Россияга каршы согуш жарыялаган. 2-августта Германиянын аскерлери Люксембургду ээлеп, 3-августта Францияга согуш жарыялаган. Немец аскерлери Бельгиянын аймагын басып алып, ал аркылуу Францияны көздөй жөнөгөн. Бельгиянын нейтралитетин сактоону талап кылуу менен Улуу Британия 22-июлда (4-август) Германияга каршы согуш жарыялаган. Европалык державалар менен бирдикте алардын доминиондору жана колониялары да согушка тартылган. Августтун аягында Германияга каршы Япония согуш жарыялап, анын Ыраакы Чыгыштагы жана Тынч океандагы колонияларын ээлеп алган. Германиянын кысымы менен Осмон империясы Антантага каршы согуштук аракеттерин баштаган. Антанта тарабында Осмон империясына каршы англичандардын көзөмөлү астында келген Египет согушка аттанган. Ошентип, августтун аягында бул согушка 33 мамлекет тартылып, дүйнөлүк согушка айланган. 1917-жылы 6-апрелде Германияга каршы АКШ, кийинчерээк Латын Америкасынын 14 мамлекети, Кытай, Сиам жана Либерия согуш жарыялайт. Февраль революциясынын натыйжасында Россияда падышалык бийлик кулатылып, 1918-жылы 3-мартта Россия Германия менен сепараттык Брест тынчтык келишимине кол койгон. Биринчи дүйнөлүк согуш Антанта союзунун жеӊиши менен аяктады. Жалпысынан Антанта жана анын союздаштары адам жана материалдык ресурстары боюнча Германия менен Австрия-Венгрияга салыштырмалуу бир топ артыкчылык кылган. Согуштун башталышында эле Антанта 11 млн аскерге ээ болсо, Германия менен Австрия-Венгрия 6,1 млн аскерге ээ болгон. 1918-жылы 29-сентябрда Болгария, 30-октябрда Осмон империясы, 3-ноябрда Австрия-Венгрия, 11-ноябрда Германия капитуляцияланган. 3-ноябрда Германияда башталган моряктардын көтөрүлүшү революция менен аяктап, Кайзер өлкөнү таштап чыгып кетти жана Германия республика болуп жарыяланды. Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө согушуп жаткан тараптар 74 млн кишини согушка мобилизациялаган. Европалык державалар тарабынан башталган согушка 33 мамлекет катышып, 10 млнго жакын киши курман, 20 млнго жакыны жарадар болгон. Согуштук чыгымдар 266 млрд долларды түзгөн. Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Россия, Германия, Австрия-Венгрия жана Осмон империялары кыйрап жок болгон. Биринчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгын чыгарган жана анда жеӊилген өлкөлөр менен тынчтык келишимдердин шарттарын иштеп чыгууга чакырылган Париж тынчтык конференциясынын жүрүшүндө Антанта өлкөлөрү менен Германия (Версаль), Австрия (Сен-Жермен), Венгрия (Трианон), Болгария (Нейи), Түркия (Севр) мамлекеттеринин ортосундагы тынчтык келишимдерге кол коюлган. 1914-жылы башталган Биринчи дүйнөлүк согушка Россиянын катышуусу анын курамындагы элдерге, анын ичинде кыргыздарга да бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Кыргыздар да башка элдер менен катар эле акча, кийим-кече, аттарды жөнөтүп турууга милдеттендирилген. 1916-жылы 25-июнда император Николай IIнин Волга бою, Чыгыш Сибирь, Түркстан жана Казакстандан 19дан 43 жашка чейинки курактагы эркектерди согушуп жаткан Россиянын оорук иштерине мобилизациялоо тууралуу жардыгы жарыяланат. Түркстан крайы боюнча жалпысынан 200 470 киши, анын ичинен Жети-Суу облусунан 43 000, Фергана облусунан 51 233 киши оорук иштерине алынууга тийиш болгон. Бул жарлык жергиликтүү элдердин катуу нааразычылыгын туудуруп, Россиянын оторчул саясатына каршы элдик-боштондук кыймылдын башталышына алып келген.
Ад.: Первая мировая война. 1914–1918 / Под ред. А. Л. Сидорова. М., 1968; История Первой мировой войны 1914 – 1918. Т. 1–2. М., 1975; Новая история стран Европы и Америки. Второй период /Под ред. И. М. Кривогуза и Е. Е. Юровской. М., 1998; История Отечества. Энциклопедический словарь. М., 1999; История Киргизской ССР. Т. 1. Ф., 1968; Кыргызстан. Энциклопедия. Б. 2001.

А. Орозов.