БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР
БИРИНЧИ ЖАНА ЭКИНЧИ САПАТТАР – 17–18-кылымдарда механикалык тааным теориясында объективдүүлүк белгиси боюнча нерселердин сапаттарын (касиеттерин) айырмалоо үчүн колдонулган терминдер. Ж. Локк биринчи же объективдүү сапаттардын катарына кыймылды, өткөрбөстүктү, тыгыздыкты, майда бөлүкчөлөрдүн өз ара жармашуусун, фигураны, көлөмдү ж. б., экинчи же субъективдүү сапаттарга түстү, жытты, даамды, дабышты ж. б. киргизген. Ошол кездеги механика илиминин көз карашында илимий түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон сапаттардын баары Локк тарабынан экинчи, башкача айтканда субъекттин сезимдери же маанайы м-н аныкталган сапаттар деп табылган. Субъективдүү идеалисттер Беркли, Юм ж. б. биринчи сапаттарды да субъективдүү сапаттардын катарына киргизишкен. Азыркы илимий таанымда нерселердин ички байланыштарынын натыйжасы болуп эсептелген өздүк касиеттери ж-а сырткы (потенциалдуу, диспозициялык ж. б.) касиеттер деп аталган сапаттар айырмаланат. Сырткы касиеттер кандайдыр бир нерсенин башка нерселер м-н реалдуу карым-катыш учурунда актуалдуу мүнөз күтөт (мисалы, туздун сууда эрүү касиети, кандайдыр бир химиялык элементтин башка элементтер м-н биригүү касиети ж. б.).
Ж. К. Асанов.