БИСМАРК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИ́СМАРК Отто Эдуард Леопольд фон Ш ё н х ау з е н (1.4.1815, Шенхаузен – 30.7.1898, Фридрихсру) – германдык мамлекеттик ишмер; Германия империясынын биринчи рейхканцлери (1871– 90). 1859–62-жылдарда Пруссиянын Россиядагы, Франциядагы элчиси.

1862-жылдан Пруссиянын министр-президенти ж-а тышкы иштер министри, 1867-жылы Түндүк Германдык Союзду түзгөндөн кийин бундесканцлер болгон. Бисмарк франция-пруссия (1870–71) согуштарынан кийин Пруссиянын сунушу м-н Германияны бириктирүүнү толугу м-н ишке ашырып, Герман империясынын рейхсканцлери кызматын аткарган. Бисмарк Германияда борборлоштурулган банк системасын ж-а жалпы акча бирдигин киргизген, мындан тышкары бир топ башкаруучулук жайындагы реформаларды ишке ашырган. Анын католик чиркөөсүнүн таасирин чектөөгө багытталган («культуркампф») иш-чаралары ийгиликсиз аяктаганына карабастан, өлкө боюнча мамлекеттик кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнгөн билим берүүнүн пруссиялык системасы киргизилген. Бисмарк герман парламентинин (рейхстаг) укуктарын чектөөгө аракеттенген жа «социалисттерге каршы өзгөчө мыйзам» киргизген. Социалдык камсыздоо системасынын тарыхында биринчи жолу социалдык камсыздоо боюнча бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Тышкы саясатта анын демилгеси м-н алгач «Үч императордун союзу», кийин «Үчтүк союзу» уюштурулган. Бисмарктын улуттук экономиканы чыӊдоого багытталган саясатынын натыйжасында, Германияда өнөр жайы ж-а соода өнүгүп, ошондой эле чет жерлерде жаӊы колониялар каратылган. Император Вильгельм I нин ордуна бийликке келген Вильгельм II өз бийлиги үчүн Бисмарктан чочулап, 1890-жылы аны отставкага кетүүгө аргасыз кылган.