БИСМАРК АРХИПЕЛАГЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИ́СМАРК АРХИПЕЛАГЫ – Тынч океандын батышындагы аралдар тобу, Жаӊы Гвинеядан түндүк-чыгышта, Папуа – Жаӊы Гвинея мамлекетинин курамында. Эки чоӊ аралдан (Жаӊы Ирландия ж-а Жаӊы Британия) ж-а Адмиралтейство аралынан, ошондой эле майда көп шуру аралдарынан турат. Жалпы аянты 50 миӊ км2дей. Калкы 400 миӊден ашык (2003). Чоӊ аралдары тоолуу (бийиктиги 2334 мге чейин), жанар тоо көп, анын ичинде аракеттегиси (Улавун) да бар. Жер титирөөлөр болуп турат. Нымдуу тропик токою өсөт. Тропик дыйканчылыгы өнүккөн. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Башкы шаары – Рабаул (Жаӊы Британия аралында). Германиянын өкмөт башчысы О. Бисмарктын урматына аталган.