БИШКЕК АРХИТЕКТУРА-КУРУЛУШ ТЕХНИКУМУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК АРХИТЕКТУ́РА-КУРУЛУШ ТЕХНИКУМУ Эл чарбасын башкаруу советинин токтому м-н 1930-жылы уюштурулган. 1990-жылы техникум архитектуралык-курулуш коллежи болуп кайра түзүлгөн. 1996-жылы архитектуралык курулуш техникуму деп өзгөртүлгөн. Техникумда 3 спорт зал, ашкана, окуу мастерскаялары, 58 окуу кабинети, 5 лаборатория, 19 персоналдык компьютер м-н жабдылган, интернет ж-а электрондук почта байланышына кошулган 2 компьютердик зал бар. Техникум архитектура, имараттарды куруу ж-а эксплуатациялоо, имараттардын ичиндеги желдетүүчү ж-а санитариялык-техникалык курулуштун монтажы ж-а эксплуатациясы, жыгач иштетүү технологиясы, туристтик комплекстерде ж-а мейманканаларда уюштуруу ж-а тейлөө иштерин жүргүзүү, экономика ж-а бухгалтердик эсеп, жер ж-а мүлк мамилелери б-ча адистерди даярдайт. Ачылгандан бери техникум 25 миӊден ашык адис даярдаган (2006). 2005–06- окуу жылында 1020 студент окуган.