БИШКЕК МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕК МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ – орто билимдүү медициналык кызматкерлерди даярдоочу окуу жайы. 1926-жылы аялдардын акушердик курсу катары негизделген. 1928-жылы фельдшердик-акушердик техникум болуп кайра түзүлгөн. 1935-жылдан медициналык орто мектеп, 1950-жылдан республликалык медициналык орто окуу жайы, 2000-жылдан азыркыдай аталат. Окуу жайдын медсестралык, акушерлик, фармацевтика, фельдшер-лаборант, санитар-фельдшер жана тиш техниктерин даярдоочу бөлүмдөрү бар. Бул окуу жайда 1,5 миӊ студент окуйт, эл агартуунун 13, саламаттык сактоонун 25 отличниги, медицина илимдеринин 1 кандидаты ж. б. эмгектенишет (2007). Окуу жайы ачылгандан баштап 93 миӊдей адис даярдалган ж-а аны Н. И. Лосьев, Ж. К. Мамбеталиев, Г. К. Телтаева, К. К. Байдалиева,

Б. Ш. Шадыканова, С. У. Борбиев ж-а К.К. Кененбаев ж. б. директорлор жетектеп, окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыӊдоодо зор иштерди аткарышкан. Окуу жай Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган (1967).