БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫКОКУУ ЖАЙЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИШКЕК МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫКОКУУ ЖАЙЫ – жалпыга билим берүүчү мектептердин ырдоо сабагынын орто билимдүү мугалимдерин даярдоочу окуу жайы. Муз. ж-а башталгыч мектептер бөлүмү бар. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1966-жылдын 15-июлундагы токтомунун негизинде ачылган. Уюштурулгандан бери окуу жайын 3000ден ашуун (2004) ыр мугалими ж-а балдар бакчасынын муз. тарбиячылары бүтүргөн. 2005–06-окуу жылында 379 студент окуган.