БИШКЕК ТЕМИРЖОЛ ВОКЗАЛЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИШКЕК ТЕМИРЖОЛ ВОКЗАЛЫ – «Кыргыз темиржолу» улуттук компаниясына (2005-жылдан) караштуу Бишкек-2 темиржол бекетинде темиржол жүргүнчүлөрүн тейлөөчү имарат-жай. 1938-жылдан иштейт. Арх. Е. Лисмардын долбоору б-ча курулган. Интерьерин жасалгалоого сүрөтчүлөр А. И. Игнатьев м-н Л. Месарош катышкан. Вокзалда белет кассалары, маалымат бюросу, автоматтык маалымат курулмасы, жүк сактоочу автоматтык камера, VIP – зал, эне ж-а бала бөлмөсү, бажы бөлмөсү, көмөкчү жайлар ж. б. бар. Мындан поезддер Москва, Новокузнецк ж-а Екатеринбург сыяктуу Россиянын эӊ ири шаарларына, Казакстандын Мерке, о. эле жерг. шаарлар – Токмокко ж-а жайында Балыкчыга каттайт.