БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БИШКЕК ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ Ч. Базарбаев атындагы, 1980-жылы М. Күрөӊкөев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хореография бөлүмүнүн базасында ачылган. Анда жалпыга билим берүүчү мектептердин программалары, талаптары м-н бир эле мезгилде атайын

ритмика, гимнастика, фортепьяно, хордо ырдоо сабактары өтүлөт. Хореография окуу жайы ачылгандан бери аны көптөгөн таланттуу жаштар бүтүп чыгышты. 2004-жылдын февраль айында окуу жайга СССР эл артисти Ч. Базарбаевдин аты берилди. Окуу жайында өз кесиптерин мыкты билген Р. Чокоева, Б. Алимбаев, А. Ырсалиев ж. б. тажрыйбалуу педагогдор иштешет.