БЛИНДАЖ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЛИНДА́Ж (фр. blindage; blinder – калкалап жабуу дегенден) – өздүк курамды пулемёттун, артиллериянын, миномёттун огунан ж-а массалык кыргын салуучу куралдан коргоочу жай (жер төлө). Блиндаж темир-бетон, жыгач, таш, топурак, ошондой эле өнөр жай конструкцияларынан курулат. Биринчи (1914–18) ж-а 2-дүйнөлүк (1939–45) согуштарда Блиндаждар көп курулган.