БЛОК (техникада)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛОК т е х н и к а д а – 1) жип, чынжыр, зым аркан айлана боюнча арта салынуучу кобулдуу дөӊгөлөк түрүндөгү тетик же жөнөкөй механизм. Механизм м-н машинада күч аракетинин багытын өзгөртүү (кыймылсыз Блок), күчтөн же аралыктан утуш алуу (кыймылдуу Блок) үчүн колдонулат. Арналышына карата багыттагыч, теӊ салмактагыч, кыймылдуу (валга айлануу кыймылын берүү үчүн), кыймылсыз түрлөрү бар. Күчтөн же ылдамдыктан утуш алууда жүк көтөрүүчү механизм – полиспаст колдонулат; 2) бир нече бирдей бөлүктөрдөн турган, мисалы, ичинен күймө кыймылдаткычтагы цилиндрлер Блогу, көп шпинделдүү тестеги (станоктогу) шпин-


Түрдүү блоктордун схемасы: а – багыттагыч; б – теӊ салмактагыч; в – күчтөн утуш алуучу кыймылдуу тетик; Р -- күч.


дель Блогу; 3) имараттарды курууда ж-а жолдун бетин асфальт-бетон м-н каптоодо колдонулуучу чоӊ өлчөмдөгү таш (бетондон, карападан жасалган).