БЛОК 2
БЛОК Жан Ришар (25.5.1884, Париж –13.3. 1947, ошол эле жер) – француз жазуучусу ж-а коомдук ишмер. «Азоолор» (1910) пьесасын, «Леви» (1912) аӊгемелер жыйнагын жазган. Р. Роллан м-н бирге «Эроп» аттуу журналды негиздеген (1923). Блок – коомдогу оор турмушту сүрөттөгөн «Жүк ташуучу пароходдо» (1924), «Курд түнү» (1925), «Жер жаӊгагы менен банандар» (1929), «Сибилла» (1932) аттуу документ повесттердин, искусство м-н коомдун карым-катнашын изилдөөгө арналган «Маданияттын жаралышы» (1936) эмгегинин, испан элинин улуттук революциячыл күрөшүнө арналган «Испания! Испания!» (1936) очерктер жыйнагынын, «Тулон» драмасынын (1943) автору. Анын «Москва – Париж» (1947) аттуу китеби ж-а сүйлөгөн сөздөрүнүн жыйнагы («Оккупацияланган Франциядан куралданган Францияга чейин», 1949) Тынчтыктын Алтын медалына татыктуу болгон (1950).