БОДУРЛУК
БОДУРЛУК – иштетилген беттин рельефин түзүүчү ж-а айрым белгилүү бөлүктө карала турган микротегиз эместиктин жыйындысы. Ал каптал беттин (профилдин) четтөөсүнүн (орточо мааниден) орточо арифм. өлчөмү ж-а тегиз эместиктин бийиктиги м-н мүнөздөлөт ж-а иштетилген беттин сапатын аныктайт. Б. тетиктин ж-а машина түйүндөрүнүн иштөө касиеттерине – сүрүлүшкөн беттердин жешилүүгө, дат басууга туруктуулугу, чарчоого бышыктыгы ж. б-ларга таасир этүүчү буюмдун тех. мүнөздөмөсүнүн маанилүү көрсөткүчү. Негизги (базалык) уз. l каптал беттин орточо сызыгы т б-ча саналат, анын сан мааниси тегиз эместиктин өлчөмүнө көзкаранды ж-а 0,01; 0,03; 0,08; 0,25; 0,8; 2,5; 8; 25 мм сан катарынан тандалып алынат. Аны сан жагынан каптал беттин орточо арифм. четтөөсү Ra, 10 чекит б-ча каптал беттин тегиз эместигинин бийиктиги Rz, каптал беттин тегиз эместигинин эӊ чоӊ бийик. Rmaх, тегиз эместиктин орточо кадамын Sm, чоку б-ча тегиз эместиктин орточо кадамын S, каптал беттин салыштырмалуу таяныч уз. tp м-н бааланат. Тегиз эместикти мүнөздөөчү сан маанилери стандарт м-н белгиленген. Анын мүнөздөгүчтөрүн тандоо тетиктин констр-сына, алардын бетинин кызматтык арналышына жараша болот. Б-ту ченөө үчүн каптал бет өлчөө (профилометр) ж-а каптал бет чийүү (профилограф) колдонулат.