БОЛГАР ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЛГА́Р ТИЛИ болгарлардын тили. Болгариянын мамлекеттик тили. Түштүк славян тилдерине кирет. Түндүк-чыгыш говорлору, XX кылымдын 20-жылдарында батыш говорлору адабий тилге таасир эткен. Жазуу графикасы кириллицага негизделген. Алгачкы жазуу эстеликтери X кылымга таандык.