БОЛЬЦМАН Людвик

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ЛЬЦМАН Людвиг (20. 2. 1844, Вена – 5. 9. 1906, Дуино) – австриялык физик, статикалык физикага жана физикалык кинетикага негиз салуучулардын бири. Вена ИАнын (1895) жана бир нече өлкөнүн академиясынын мүчөсү. 1866-жылы Вена университетин бүткөн. Ал ошол мезгилде эле физиканын бардык тармактары жана математиканын кээ бир бөлүмдөрү боюнча илимий иш жүргүзгөн. Анын ичинен маанилүүлөрү — газдардын кинетикалык теориясы жана термодинамиканын статикалык негизделиши. Ж. Максвеллдин газ молекулаларынын ылдамдыктарынын бөлүштүрүү законун сырткы күчтөр талаасындагы газдарга колдонуп, «Больцман бөлүштүрүүсү» деген формуланы аныктаган (к. Больцман статистикасы). Идеалдык газдардын кинетикалык теориясына статистикалык методдорду колдонуп, газдардын кинетикалык теориясынын негизги теӊдемесин чыгарган. Больцмандын эӊ негизги эмгектери кайталанбас процесстерди изилдөө жана термодинамиканын экинчи башталышын статистикалык жол менен түшүндүрүү маселелерине арналган.