БОНАЛАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОНАЛАР (фр. bon) – мамлекеттик казыначылык‚ айрым мекемелер жана ишканалар тарабынан чыгарылган карыз милдеттенмеси; 2) майда акча түрүндө убактылуу айланууга чыгарылган кагаз акча белгилери. Капиталисттик өлкөлөрдө казыналык боналар мамлекеттик кредиттин бир формасы болуп саналат. CCCРде 1922–1924-жылы акча реформасына чейин майда акча купюраларынын жетишсиздигине байланыштуу мамлекеттик мекемелер жана ишканалар тарабынан чыгарылган. Акча реформасынан кийин боналар чыгаруу токтотулган.