БОНН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОНН – Германиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде жайгашкан. Германия бундестагынын жана өкмөтүнүн (2000-жылга чейин) турган жери. Рейн дарыясындагы порт. Калкы 327,2 миӊ (2019). Эл аралык аэропорт. Керек-жарак товарлар чыгаруучу өнөр жай тармактары басымдуу. Машина куруу (анын ичинен электр-техникалык), фармацевтика, полиграфия, тамак-аш, эмерек өнөр жайы иштейт. Метрополитен, университет, Людвиг ван Бетховендин музей-үйү жана концерттик залы бар. 1-кылымдан белгилүү. 1273–1794-жылдары Кёльн курфюрсттеринин резиденциясы. 1949–90-жылдары Германия Федерация Республикасынын борбору болгон. Роман стилиндеги собор (11–13-кылымдар) сакталган.

Рейн университетинин башкы имараты.