БОР-БАШ (Ноокат районундагы кыштак)
(БОР-БАШ барагынан багытталды)
БОР-БАШ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл округуна караштуу. Абшыр-Сай суусунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1340 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 23 км батыш тарапта, Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 30 км. 1900-ж. отурукташкан. Калкы 5159 (2022); негизинен тамекичиликте, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, ФАП бар.