БОР-БАШ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОР-БАШ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Бел айыл аймагына караштуу. Ноокат – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1400 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 9 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 59 км. Калкы 6781 (2022); негизинен тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, медпункт, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.