БОРБОРГО УМТУЛУУЧУ КҮЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБОРГО УМТУЛУУЧУ КҮЧ – ийри траектория боюнча кыймылдоочу нерсеге аракет кылуучу борборго багытталган механикалык аракет. Ал сан мааниси боюнча борбордон четтөөчү күчкө барабар. Борборго умтулуучу күчтүн аракети астында материалдык чекит ийри сызыктуу кыймылдайт. Ал түз сызыктуу кыймылда нөлгө барабар.