БОРДУ-ТОО
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОРДУ-ТОО – Тескей Ала-Тоонун түштүк тармагы. Борду, Ээр-Таш, Кара-Көл-Төр жана Көөлү сууларынын аралыгында дого сымал түштүктөн түндүк-батышка 25 кмге созулуп жатат. Туурасы 5–6 км. Орточо бийиктиги 4300–4600 м, эӊ бийик жери 4849 м. Кыры мөӊгүлөр менен капталган, жалама аска-зоолор бар. Капталдары тик, тереӊ капчыгайлуу. Кийинки протерозойдун калыӊдыгы 2400–3000 м келген мраморлуу жана доломиттүү акиташ теги, сланец, кварцит тектеринен турат. Этегиндеги субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафты 3300 мден жогору субнивалдык талаага жана гляциалдык-нивалдык алкакка өтөт.