БОРДУ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОРДУ КЕНТАШ КАЛДЫГЫН САКТОО ЖАЙЫ Чүй облусундагы Орловка шаарынан 2 км түштүк-батышта жайгаштырылган. Орловка мамлекеттик акционердик коомуна (1954–66-жылдары Борду коргошун фабрикасы) караштуу. 1954-жылы ишке киргизилген. Долбоордук көлөмү 3200 миӊ м3, толтурулганы 3500 миӊ м3. Консервацияланган. Радиоактивдүү эмес. Мында Борду коргошун фабрикасынан (курамында сейрек кездешүүчү металлдар 0,8–1%, торий 0,3%, цирконий 5%, фторий, 40–60%, темир кычкылы 10–20%, кремнезём, 15–20%) жана Орловка химиялык-металлургиялык тоо-кен комбинатынан иштетилип чыккан калдыктар сакталат. Азыркы экологиялык абалы канааттандырарлык.
Б. Үсөнканов.