БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРКОЛДОЙ КЫРКА ТООСУ Борбордук жана Ички Теӊир-Тоонун аймагында. Түндүгүнөн Каракол, Чакыр-Корум, Үзөӊгү-Кууш-Туюк, Борколдой, түштүгүнөн Чоӊ Үзөӊгү-Кууш, Кичи Үзөӊгү-Кууш, Боз-Жалпак сууларынын өрөөндөрү менен чектешет. Көбүргөнтү ашуусунан (3907 м бийиктикте) Боз-

Жалпак суусунун башталышына чейин 90 км аралыкта кеӊдик багытта созулуп жатат. Бийик чокусу Жагалмай мөӊгүсүнүн төрүндө 5170 м, орточо бийиктигши 4500 м, туурасы 34 км. Ашуулары: Борколдой (4000 м), Ашуу-Суу (3640 м), Тепши (4121 м). Кырка тоо үстүнкү силурдун жана астынкы карбондун акиташ теги, мрамор, метаморфизмделген сланец, мраморлошкон акиташ теги, базальт, порфир, диабаз, карбондун кызыл түстүү тектеринен, кумдук, акиташ теги, метаморфизмделген сланец тектеринен түзүлгөн. Алар неоген-антропогенде тектоникалык жарака боюнча көтөрүлүп, кеӊдик багытында созулган антиклиналдык түзүлүшкө ээ болгон. Түзүлүшү асимметриялуу: түндүк капталы кыска, түштүгү узун. Рельефине ярустуулук мүнөздүү. Жогорку ярусу – байыркы түздүктүн калдыгы (4000–5000 м бийиктикте), байыркы жана азыркы мөӊгүлөрдүн аракетинен пайда болгон туюк төрлөрдөн туруп, алардын тамандарын азыркы мөӊгүлөр ээлейт. Ортонку ярусу – неоген менен төртүнчүлүк мезгилинин башталышында 2-тектоникалык кыймылда көтөрүлүп, сырткы күчтөрдүн натыйжасында калыптанган 3 тектир жана аларды бөлүп турган кашаттар, төмөнкү ярусу төртүнчүлүк мезгилинин ортосунан түзүлө баштаган тектирлерден жана V сымал тереӊ, тик капталдуу капчыгайлардан турат. Суулардын жогорку бөлүгүндө мөӊгүлөрдүн жылышынан тепши сымал өрөөндөр түзүлгөн. Ландшафты бийиктик зоналуулук закон ченемине ылайык өзгөрөт; чөл жана кургак талаа (2600–2800 м бийиктикте; шыбак, баялыш, чекенде), талаа (2700–4000 м; бетеге, жылгын, сулу, шыбак ж. б.), субальп шалбаасы (2800–4000 м; чекилдек, чыйпылдак, тарак баш, боз терескен, кылкандуу көдөө, айгыр жыгар ж. б.), альп шалбаасы (2900–4200 м; ыраӊ, доӊуз сырты ж. б.), гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү.